«Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» Конституциянын жаңы долбоору талкуланууда

«Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» Конституциянын жаңы долбоору талкуланууда

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте Конституциянын жаңы редакциясы боюнча мыйзам долбоорун талкуулаган «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коомдун жыйыны өтүп жатат.

Жыйынга экс-президент Роза Отунбаева, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, депутат Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Садык Шер-Нияз, Равшан Жээнбеков, парламенттин экс-төрагасы Абдыганы Эркебаев, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, мурдагы премьер-министр Феликс Кулов, саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

17-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши өлкө Конституциясынын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөнгө караганда, Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон.

Жаңы долбоорго президенттин кеңейтилген укуктары, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>