Site icon Reporter.kg

Жаранды 405 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Токтогулдун милициясы алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 2023-жылы 5-октябрда бир жаран (Чүйдүн тургуну) сырттан тааныш болгон «Боря» аттуу адамга 30 баш коюн саткан. Сатып алган адам ар бир койду 13,5 миң сомго баалап, 405 миң сом акчаны 25-декабрда берүүнү убадалаган. Бирок кийин акчасын бербей алдап кеткен. Алданган жаран быйыл 25-январда милицияга арыз жазган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делген 42 жаштагы Б.Б. аттуу Токтогулдун тургуну чет өлкөгө чыгып кеткени аныкталып, ал издөөгө алынган. 27-мартта ал Пакистандан 4 айлык дааваттан кайтып келгенде Бишкектен кармалып, Токтогулга жеткирилген. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Милициядан белгилешкендей, шектүү койлорду сатып, анын акчасына чет өлкөгө кеткенге чейин эле иштетип салган.

Exit mobile version