Site icon Reporter.kg

Жарандык авиация агенттигине жаш жетекчи дайындалды

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон документке ылайык, Александр Настаев кызматтан алынып, анын ордуна Данияр Бостонов Жарандык авиация агенттигинин директору болуп дайындалган.

Жетекчилик кызматка дайындалган Данияр Бостонов 36 жашта. Буга чейин ал «Манас» аэропортунда улук авиадиспетчер болуп иштеген.

Александр Настаев

Данияр Бостонов

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version