Жарандык күйөөсү барымтага алып, бычактаган аялды куткарган милиция каза болду

Жарандык күйөөсү барымтага алып, бычактаган аялды куткарган милиция каза болду

28-июнга караган түнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын бешинчи бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев инсульттан каза болду.

Эркин Жаанбаевге 17-июнда бычак менен барымтага алынган аял тууралуу билдирүү түшүп, окуя болгон жерге барып, ага жалгыз кирип, бычакты алган. Жарандык күйөөсү аялды кызганычтан улам бычак менен коркутуп, кармап отурган.

Милиция куткарган аял алган жаракатынан улам эртеси, 18-июнда ооруканада көз жумган.

Эркин Жаанбаевдин жакындарынын айтуусунда, ал болгон окуядан кийин өлгөн аялга кайыгырып жүргөн, өзү кечээ түнү инсульттан көз жумду. Ал үч күн комада жаткан.

Жаанбаев кесиптештеринин арасында кадыр-баркы жогору, жүрүм-туруму менен өзгөчө болчу, ал кылмыштык тергөө бөлүмүндө иштегени үчүн кылмышкерлердин коркунчу болгон.

Эркин Жаанбаев быйыл 40 жашка толмок.

Reporter.kg  маалымат агенттигинин эмгек жамааты Эркин Жаанбаевдин көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>