Жарандык көзөмөл комитети Конституциялык палатага кайрылды

Жарандык көзөмөл комитети Конституциялык палатага кайрылды

Жарандык көзөмөл комитети Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларына кайрылды.

Комитеттин кайрылуусунда айтылгандай,  учурдагы иш-аракеттер алдыдагы  шайлоолордон кийин ар кандай нааразычылыктарга себепчи болуп калышы мүмкүн.

“Көз каранды эмес юридикалык коомчулук мурда эле билдиргендей, аталган мыйзам өлкөнүн бүтүндөй укуктук чөйрөсү таянып турган конституциялык-укуктук пайдубалын жөн эле одоно түрдө бузбастан, парламенттин өзүнүн да мыйзамдуулугун жокко чыгарып, ал кабыл алып жаткан чечимдерге карата жарандардын тоотпос мамилесин туудурат. Ал эле эмес, бул жагдай ансыз да жалпы эле мамлекет бийлигинин ашмалтайы чыгып бүткөн аброюн андан бетер түшүрөт. Жогоруда аталган олдоксон мыйзамсыз иш-аракеттер, өлкөдө азыр болжолдонуп жана болуп өтө турган шайлоо өнөктүктөрүнөн кийинки нааразылык иш-чаралар үчүн «өтө жагымдуу» шарттарды түзөөрү шексиз. Ал эми бул жана дагы башка жагдайлар кошулуп олтуруп, Кыргызстан эли өз мамлекеттүүлүгүнөн айрылып калуу коркунучун туудурат”, – деп жазылат анда.

Жарандык көзөмөл комитети, Конституциялык палатанын ар бир судьясын жарандык эрдикти жана бийик саясий жоопкерчиликти көрсөтүп мыйзамдуу чечим чыгарууга чакырган.

“Конституциялык палата Негизги мыйзамды коргоодогу чеп болуп, Конституциянын өзүнө да, анын тыянактарынын маани-маңызы же жол-жоболору болобу, ал тыюу салган түрдүү-туман кол салуулардын мизин кайтарууга тийиш”, – деп белгиленген анда.

Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга чыгып, ага 80 депутат демилгечи экени расмий жарыяланган. Дароо эле баш мыйзамдын долбоору коомдун кеңири талкуусуна алынып аны жактагандар дагы каршы чыккандар дагы болгон.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуудан жана коомдук ишмерден турган Конституциялык кеңешме түзүлдү. Кеңешме Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап, сунуш пикирлерди киргизмекчи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>