Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-декабрда милицияга С.И. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, ноябрь айында А. аттуу чала тааныш адам iPhone 11 Pro телефонун «чалып алайын» деп алып, андан кийин качып кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Ж.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.