Site icon Reporter.kg

Жарасул Абдураимов Ош облусунун башчысы болуп дайындалды

Жарасул Абдураимов Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Абдураимовду кызматкерлерге вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров тааныштырганы белгилүү болду.

Жарасул Абдураимов 1960-жылы 23-февралда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Кесиби боюнча экономист.

Ал Каныбек Осмоналиевдин бир тууган иниси.

Exit mobile version