Site icon Reporter.kg

Жардамыңыздар үчүн рахмат! Талант Мамытовдун  мигранттар күнүнө карата кайрылуусу

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 18-декабрда, Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

Анда Мамытов мигранттарды ал абалын жакшыртуу боюнча кыргыз бийлиги аракеттерди көрүп жатканын жана пандемия учурунда мигранттар да кыргыз элине алгылыктуу жардам бергенин белгилеп ыраазычылык билдирген. 

Президенттин милдетин аткаруучунун кайрылуусун толугу менен өзгөрүүсүз беребиз:  

«Урматтуу мекендештер!

2020-жыл бүткүл адамзат үчүн татаал сыноо болду. COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясы ар бир адамга кыйынчылык алып келип, бөтөн жерде жүргөндөргө өзгөчө оор болду.

Бул дүйнөлүк коркунуч биздин өлкөгө да өзүнүн кесепетин тийгизди. Мындан тышкары Кыргызстанда бир катар саясий, экономикалык жана социалдык мүнөздөгү өзгөрүүлөр болуп жатат.

Бирок эмгекчи мигранттардын проблемалары, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер, диаспоралар менен өз ара аракеттенүү маселелери өлкөнүн жетекчилигинин саясатында артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон кала берет деп сиздерди ишендирип кетем. Биздин алдыбызда Кыргызстанга кайтууну, бизнесин ачып, туулуп-өскөн жеринде жашоону жана иштөөнү каалагандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү милдети турат.

Ошол эле учурда эмгек мигранттарынын кызыкчылыгын коргоо жана коопсуз миграция чараларын иштеп чыгуу боюнча иштер улантылат. Биргелешкен гуманитардык, экономикалык, социалдык, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында чет өлкөдөгү мекендештер менен тыгыз кызматташууну колдоого багытталган чечимдер кабыл алынат.

Бүгүн мамлекеттик башкаруунун ар кандай деңгээлдеринде биздин мекендештер менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы формалары түзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында Миграция, чет өлкөдөгү мекендештер жана диаспоралар маселелери боюнча кеңеш түзүлгөн. „Мекеним“ программасын иштеп чыгуу аяктоо алдында турат, анда жеңилдетилген шарттарда мигранттар үчүн Кыргызстанда чакан жана орто бизнести ачуу мүмкүнчүлүгү каралат. Мындан сырткары „Мекен карт“ жөнүндө мыйзам кабыл алынды.

Урматтуу мекендештер!

Өлкөбүз үчүн ушул татаал жылы коронавирус пандемиясы убагында ортодогу узак аралыкка карабай кыргызстандыктар сиздерден колдоо тапты. Сиздердин күч-аракетиңиздер менен Кыргызстанга гуманитардык жана материалдык жардамдар, медициналык жабдуулар, зарыл медикаменттер жөнөтүлдү.

Жалпы элибиз туш болгон кыйынчылыкка кайдыгер карабай, ондогон медицина кызматкерлери волонтер болуп мекенибизге келип элибизге билимин жумшап, мээримин төгүп, кам көрүп, жардамын берди.

Диаспоралар болсо чет өлкөдө жумушу жана турак-жайы жок калган мекендештерибизге кол кабыш кылды.

Сиздер мекенчилдикти жана ынтымакты көрсөттүңүздөр. Сиздердин жан аябаган эмгегиңиздер абдан жогорку баага татыктуу. Берген жардамыңыздар үчүн жалпы Кыргызстан элинин атынан Сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем!

Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бейпилдик, бакты-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм».

 

Exit mobile version