Site icon Reporter.kg

Жарылуучу зат бар деген Москва – Бишкек рейсиндеги учак текшерилди

Жарылуучу зат бар деген Москва – Бишкек рейсиндеги учак текшерилди.

ӨКМдин маалыматына караганда, 21-сентябрь күнү саат 14:53тө ӨКМдин ККББнын ыкчам нөөмөт бөлүмүнө Москва – Бишкек багытындагы учактын ичинде жарылуучу зат бар экендиги тууралуу маалымат “Манас” эл аралык аэропортунун диспетчеринен түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу, УКМКнын кызматкерлери тартылып тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшкөн. Маалымат тастыкталган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version