Жарым кылым чогу жашаган жубайлар 4 мүнөт айырмасы менен каза тапты

Жарым кылым чогу жашаган жубайлар 4 мүнөт айырмасы менен каза тапты

АКШнын Түндүк Каролина штатында 48 жыл чогу жашаган жубайлар коронавирус илдетине чалдыгып бир күндө каза болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

67 жаштагы Джони Ли Пиплс жана анын 65 жаштагы Кэти Дарлен аттуу жубайы илдетке август айынын башында чалдыккан. Алар оору менен 30 күн алышып, дарыгерлер аларды сактап кала албасын билишкенден кийин экөөсүн бир палатага жаткырган. 2-сентябрь күнү жубайлар кол кармашкан бойдон төрт мүнөт аралыгында каза болгон.

Маркумдардын баласы Шэйн, алар 48 жыл бирге түтүн булатып, ага чейин 2 жыл кыз жигит болуп жүрүшкөнүн, жалпы 50 жыл бирге болушканын айткан.

 

Тэги: АКШ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>