Site icon Reporter.kg

Жарым жолдо жоголгон тротуар. Мэрия үй ээлери менен жолугушат

Бишкек мэриясы эртең, 8-июлда үйдүн дубалына такалып, үзүлүп калган тротуарды барып, жеринен карап, көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  муниципалитеттен билдиришти.

Ал видео «Келечек» жаңы конушунда тартылган.

Мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жарандарга тоскоолдук жараткан үй ээлерине билдирүү баракчасын берди.

«Келечек көчөсү, 1 б дарегинин жашоочусу  С.М.Т. Башкармалыктын кабыл алуусунда болду. Эртең көчмө жыйын өтөт», — дейт мэрия.

Жарым жолдо жоголгон тротуар. Конуштагы жаңы жолдун ыңгайсыздыгы айтылды

Exit mobile version