Site icon Reporter.kg

Жарым жылда 73 млрд салык чогултулду

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында Мамлекеттик салык кызматы 73 миллиард 611,4 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленген план 1 млрд 324,7 млн ​​сомго (пландагыдан 1,8%га көп) ашык аткарылган.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 26 миллиард 642,1 миллион сомго көп чогултулган (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 56,7%га көп).

Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртуу, “SMART Салым” салык процедураларын санариптештирүү долбоорун ишке ашыруу, анын ичинде электрондук эсеп-фактураларды, контролдук-кассалык машиналарды, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу үчүн Консолидацияланган почта системасын киргизүү оң таасирин тийгизип жатканын белгилейт.

Exit mobile version