Жарым жылда өлкө музейлерине 169 миңден ашык көрүүчү келген. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйында билдирди.
Музейлерде 321 көргөзмө долбоорлор өткөрүлүп, 15 млн 309,9 миң сом киреше түшкөн. Быйыл жырым жылда өлкөнүн музей фонддору 1 миң 612 экспонат менен толукталып, 326 экспонат реставрациядан өткөрүлгөн.
Белгилей кетсек, министр маалымат жыйында 2022-жылдагы жарым жылдык иши тууралуу маалымат берди.