Site icon Reporter.kg

Жасалма акча менен соода кылгандар аныкталды

Бишкек шаарынын  Ленин райондук милициясына Үмөталиев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөрдүн биринен жасалма акчага соода кылууга аракет жасаган кылымшка шектүүгө чара көрүп бергиле деген маалымат түшкөн.

Милицияга экинчи кайрылуу 26-сентябрь күнү  “Асанбай” кичи районундагы соода маркеттердин биринен түшкөн. Ошол маалда милиция келип  Р.М. жана Э.А. соода кылууга аракет жасагандыгын аныкташкан. Алар миң сомдук купюраларды көтөрүп жүрүшкөн.  Алардын иши тергөөгө өткөн. Бул туурасында Reporter.kg′ге милициядан билдиришти.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Exit mobile version