Site icon Reporter.kg

Жасалма доллар сатууга шектелип 22 жаштагы жаран кармалды

Жасалма долларларды сатууга шектелип 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга жасалма 50 миң АКШ долларын сатуу үчүн сатып алуучуларды издеп жаткан адам тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 22 жаштагы Жалал-Абад облусунун Э.Ж. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан жасалма 400 доллар алынып, тиешелүү экспертиза дайындалган.

ИИМ жасалма акчалар чет өлкөлөрдөн алынып келингенин билдирди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version