Жасалма номурлуу унаалардын сүрөтү боюнча жалданма-операторлор кызматтан бошотулду

Жасалма номурлуу унаалардын сүрөтү боюнча жалданма-операторлор кызматтан бошотулду

Декабрь айынын башында 01 578 ASD деген  номур тагылган беш түрдүү унаанын сүрөттөрү  интернетке жарыяланып кеткен. 

Аталган окуя боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен  Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Мониторинг борборунун жалданма-оператор кызматкерлери А.А. менен К.К. жумушунан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле кызматтык талаптарды бузуу, кол алдындагы кызматкерлерди көзөмөлдөбөгөндүгү үчүн Мониторинг борбордун 4 кызматкери ар кандай тартиптик жазага тартылган.

ИИМден кошумчалагандай, аталган факты боюнча “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринин негизинде Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айрым кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

буга чейин, аталган унаалардын ичинен “Мерседес” үлгүсүндөгү машине Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетовго таандык  деп, буга чейин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан. Алмаз Мамбетов бул маалыматтарды четке каккан.

Көп өтпөй аталган унааны Чүй облустук прокуратуранын кызматкери  делген Нурбек Болот аттуу адамга таандык экени айтылган.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов, автоунаанын айдоочусу жөнөкөй жаран экенин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>