Site icon Reporter.kg

Жасалма ПЧР-тесттерди саткан жарандар кармалды

Республиканын аймагында жасалма ПЧР-тесттерин мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ички иштер министрлигин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, жасалма ПЧР-тесттерин мыйзамсыз сатуу боюнча Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда эки, Манас районунда бир факты катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандардын өздүгү аныкталып, алар жана 25 жаштагы А.Б. менен Б.А., 25 жаштагы Х.А. болуп чыккан.

Андан сырткары Манас районунда менчик лабораториялардын биринин эки кызматкери жасалма ПЧР-тесттерин 2 миң сомго сатып жатканы аныкталган.

Бул фактылар КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 359-беренеси (Документтерди жасалмалоо) менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул адамдардын бардыгы аныкталып, кармалган.

Учурда бардык тергөө амалдары жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

 

Exit mobile version