Site icon Reporter.kg

Жаш бала зордукталган деген маалымат боюнча 16 жаштагы өспүрүм кармалды

Социалдык тармактарда тарап жаткан «жашы жете элек бала окуучулар тарабынан бир нече жолу зордукталган» деген маалымат боюнча Бишкек шаардык милициясы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде кылмыш иши козголду.

Шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, ар тараптуу тергөө амалдары жүрүп жатат жана жетекчилик жеке көзөмөлүнө алды»,- деп билдиришти милициядан.

Соцтармактарда тарап жаткан видеодо өзүн жабыркаган баланын таякеси катары тааныштырган жаран Бишкектеги 3-балдар ооруканасында дарыгерлердин «балага эч нерсе болгон эмес» деп чыгарган корутундусуна нараазычылык билдирип жатканы тартылган. Ал эми жанында милиция кызматкери расмий корунтунду бериле электигин айткан. Видеодо жаш бала ичин басып алып, ыйлап жатканы да тартылган.

Exit mobile version