Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда жаштар (U-20, U-23) арасында өтө турган Belneftekhim Women’s Cup эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 16-19-февраль күндөрү Минск шаарында (Беларус) өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- Арууке Кадырбек кызы – 55 кг;
- Бермет Нурдин Кызы – 57 кг;
- Калмира Билимбекова – 59 кг;
- Таңчолпон Кыбалбекова – 62 кг;
- Жаркын Нуркан кызы – 62 кг;
- Дилназ Сазанова – 65 кг;
- Гүлнур Таштанбекова – 68 кг;
- Нурзат Нуртаева – 72 кг;
- Кайыргүл Шаршенбаева – 76 кг.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз