Site icon Reporter.kg

Жаш футболчу Оятилло Абдурахимжановго Кыргызстандын паспорту берилди

Бүгүн, 22-июнда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын Жибек жолу кичи районунун (мурдагы Он-Адыр аймагы) тургуну Оятилло Абдурахимжановго туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Оятилло Абдурахимжанов 2024-жылдын башында Камчыбек Ташиевге кайрылып, Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, жарандык паспорту да жок экенин билдирген жана ага жардам берүүсүн суранган.

19 жаштагы Оятилло Абдурахимжанов буга чейин чет өлкөлөрдүн биринин футболдук клубунда ойноп келген. Кыргызстанда акыркы кезде футболго реалдуу көңүл бурулуп жатканын эске алып, Кыргыз  футбол клубдарынын биринде ойноону кааларын айткан. Учурда Оятилло Кыргызстан жаштар улуттук курама командасынын мүчөсү.

Камчыбек Ташиев жаш оюнчу Оятилло Абдурахимжановду Кыргызстандын жараны болушу менен куттуктап, мындан ары Кыргыз туусун көтөрүп, спортто ийгиликтерди жаратуусуна тилектештигин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version