Site icon Reporter.kg

Жаш кызды зордуктады делген Адил Кыргыз “Тазалыкка” жетекчинин орун басары болду

Активист Адил Кыргыз [Назаров] “Тазалык” муниципалдык ишканасына жетекчисинин орун басары болду. Бул тууралуу калаа башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

Шаар башчысынын айтымында, активистти өзү кызматка сунуштаган.

“Адил Кыргыз чооң рахмат. Менин сунушуму кабыл алды. Тазалык ишканасынын жетекчисинин орун басары болду. Ишине ийгилик. Шаар үчүн кызмат кылат”, – деп жазган Түлөбаев.

Белгилей кетсек, Адил Кыргыз 2012-жылы жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип жүргөн.

Exit mobile version