Site icon Reporter.kg

Жаш спортчу каратэ боюнча дүйнөлүк лиганын жеңүүчүсү болду

Дене тарбия жана спорт башкармалыгына  караштуу Октябрь районунун спорт мектебинин тарбиялануучусу Даниэл Худайбердиев 14-15 жаш арасында, 52 кг салмакта чыгып, 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, спортчунун жеке машыктыруучусу — Казанов Дмитрий Валерьевич.

Бүткүл дүйнөлүк каратэ WKF  лигасы Стамбулда өткөн. Сынакка 57 өлкө катышты, 900гө жакын катышуучу, үч жаш категориясында: 12-13, 14-15 жана 16-17 жаштагылар катышкан.

Exit mobile version