Site icon Reporter.kg

Жаш волейболчу кыздар Мальдивде өткөн CAVA чемпионатын утту

Кыргызстандын жаш волейболчу кыздары 20 жашка чейинки спортчулар арасында (U-20) Мальдивде өткөн Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA)  чемпионатын утту.

Мелдеш Непал, Шри-Ланка, Мальдив Республикасы жана Кыргызстандын катышуусунда өттү.

Финалда кыргызстандык волейболчулар Шри-Ланка менен ойноп, 3:0 эсебинде жеңишке жетти.

Exit mobile version