Site icon Reporter.kg

«Жаш жаратман» сынагына катыш. Баш байге 200 миң сом

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жаштар үчүн тарбиялык багытындагы «Жаш жаратман» социалдык видеороликтердин сынагын жарыялайт. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык видеороликтердин сынагы жаш кыргызстандыктардын аң-сезиминде ар бир жаш адам умтулуп үлгү боло турган жаш жарандын образын калыптандыруу максатында өткөрүлүүдө.

Видеороликтердин сценарийи мекенчил, чынчылдык, жоопкерчилик, асылдуулук, эмгекчилдик жана башка сапаттарды камтыган Кыргызстандын идеалдуу жаш жаранынын образын түзүүгө багытталышы керек. 

Чыгармачылык борборлор жана кесипкөй студиялар сынактын катышуучулары боло алышат.

Сынактын талабы:
— тили: кыргыз жана орус;
— видеороликтин жогорку сапаты (сүрөттөр, үн);
— видеороликтик хронометражы – 2 мүнөткө чейин;
— сюжеттин жаңылыгы жана оригиналдуулугу;
— интернетте болгон материалды пайдаланууга тыюу салынат.;
— сынакка катышууга анын максаттарына жана милдеттерине жооп берген, бүтүрүлгөн оригиналдуу чыгармалар гана кабыл алынат;
— видеороликтердин мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, моралдык ченемдерге каршы келбөөгө жана башка адамдардын автордук укугун бузбоого тийиш.

Сынактын жеңүүчүлөрүн өзгөчө атайын түзүлгөн сынактык комиссия упай берүү аркылуу аныктайт.

Жеңүүчүлөр грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат:

1-орун – 200 миң сом;

2-орун – 150 миң сом;

3-орун –100 миң сом.

Видеороликтер 2020-жылдын 18-декабрына чейин кабыл алынат.

Кошумча маалыматты агенттиктин сайтынан же 0500 054 887 (what’s app) номери аркылуу алсаңыз болот.

 

Exit mobile version