Site icon Reporter.kg

Жаш жоокерлер ант беришти

Бүгүн, 3-ноябрда  №10127 аскер бөлүгүнүн күзгү чакырыктагы жаш жоокерлер аскердик ант берүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чара “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине гүл чамбар коюу менен башталды.

Жаш Мекен сакчыларын Улуттук гвардиянын колбашчысынын орун басары полковник Ашымжан Эсенкулов, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, жакындары жана меймандар куттукташып, каалоо-тилектерин айтышты.

Аскердик антка келтирүүгө чейин, бир айдын ичинде жаш жоокерлер жалпы аскердик даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматка зарыл болгон билимди жана саптык, дене-тарбия, ок атуунун ыкмаларын жана жалпы аскердик уставдардын беренелерин, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин үйрөнүштү.

Салтанаттуу иш-чара кыска убакыттын ичинде даярдалган жаш жоокерлердин саптык даярдык көрсөтүүлөрү менен уланды.

Соңунда жаш жоокерлердин назарына Улуттук гвардиянын аскердик оркестри тарабынан даярдалган дефиле аткарылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version