Site icon Reporter.kg

Жашоону узартуу үчүн күнүгө канча басуу керектиги айтылды

Окумуштуулар 50 000 адамдын ден соолугунун абалын талдап чыгып, күнүнө 10 000 кадам басуу керек деген ишеним туура эмес экенин аныкташкан. Алар орто жаштагы адамдар өлүм тобокелдигин азайтуу үчүн күнүнө 7,5 миң кадам жасоо керек деп эсептешет. Изилдөөнүн жыйынтыгын америкалык ЖМК жарыялаган.

Изилдөөгө ылайык, 60 жана андан жогорку жаштагы катышуучулардын ден соолугунун саламаттыгы үчүн 6000-8000 кадам басуу жетиштүү. Андан көп басуунун узак жашоого эч кандай таасири тийгизбегени аныкталган.

Илимий изилдөөнүн авторлорунун айтымында, эксперимент учурунда алар кадамдар көбөйгөн сайын эрте өлүм коркунучу акырындап азайганына көңүл бурушкан. Кадамдын саны 8000дин тегерегине чейин барып токтогон.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, басуу ылдамдыгы менен кадамдардын жалпы санынын ортосунда эч кандай байланыш табылган эмес. Бул — жүрөктүн кагышын жогорулатуу жашоонун узактыгын жогорулатуу үчүн зарыл эмес экенин көрсөтүп турат, деген жыйынтыкка келишкен окумуштуулар.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Exit mobile version