Site icon Reporter.kg

Жаштар күнүнө карата эртең «Жашар 2023» фестивалы өтөт

Эртең, 10-ноябрда саат 12:00дө Жаштар күнүнө карата Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында «Жашар 2023» жаштар фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш- чара аталган министрликтин жана «Борбордук Азиядагы билим берүү дебат ассоциациясы» коомдук фонду (IDEA) биргеликте «Жашар 2023» платформасын ишке киргизип жатат.

“Жашар” жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу аянтчасында сиз төмөндөгү платформаларага катышууга мүмкүнчүлүк болот:

— «Сүйлө» — иш-чаранын негизги диалог аянтчасы болуп саналат. Анда спикерлер жаштар саясаты, кызматташтык жана жаштардын жарандык катышуусуна байланыштуу ар кандай темаларда сөз сүйлөшөт. Ар бир адам уга турган жана талкууга кошула ала турган мейкиндик.

— «Жаса» – сөздөн иш-аракетке өтүү ачык аянтчасы. Анда катышуучулар контент түзүп, долбоорлорун жазып, дебаттарга катыша алышат же подкасттарын жаздыра алышат. «Жаса» мейкиндигинде жасалган бардык материалдар жаштар арасындагы тынчтык, кызматташуу жана жаштардын жигердүүлүгү темаларын камтыйт.

— «Кара» — Кыргызстан жаштарынын көркөм өнөрдөн баштап, санариптик искусствого чейинки чыгармачылык иштери камтылган көргөзмөсү.

Жаштар фестивалында социалдык өнөктөштүк, ошондой эле кантип «Кыргыз жараны» болуу керек деген темалар боюнча панелдик талкуулар жана жеке баяндамалар менен коштолот.

“Жаштар күнү” Кыргызстанда жыл сайын 10-ноябрда белгиленет. Ал өкмөттүн 2002-жылдын 14-январындагы №15 токтому менен Кыргызстандагы  демократиялык багытты ишке ашырууда өсүп келе жаткан муундун ролун жогорулатууну эске алуу менен бекитилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version