Site icon Reporter.kg

«Жаштарды өнүктүрүү институту» республикалык «Өзгөрүүлөр кербенин»  өткөрөт

14-октябрдан 23-октябрга чейин «Жаштарды өнүктүрүү институту» республикалык  «Өзгөрүүлөр кербенин»  өткөрөт. Бул тууралуу аталган институттан кабарлашты.

Кербендин негизги максаты өлкөнүн жети облусундагы жогорку билим берүү мекемелеринде окуган окуучуларга жана студенттерге мотивациялык жолугушууларды уюштуруу аркылуу лидерлерлик сапатын жогорулатуу жана өз алдынчалыкка үйрөтүү болуп саналат.

Тренингдер төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:
— Каржылык жана укуктук сабаттуулук, бизнес- пландоо, каржылык көз карандысыздык;
— Искусство, маданият жана чыгармачылык;
— IT багыты;
— Медиа, смартфондун мүмкүнчүлүктөрү жана онлайн продуктулар;
-Жаштардын мүмкүнчүлүктөрү (грант алуунун , жогорку окуу жайларга  өтүүнүн, эл аралык конференцияларга катышуунун жолодору).

Иш-чаралар өтө турган жерлер:

Тренингдер кыргыз, орус жана өзбек тилинде өткөрүлөт.

Exit mobile version