Site icon Reporter.kg

Жаштардын курагын 30 жашка чейин көтөрүү сунушу 1-окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңештин 28-декабрдагы жыйынында «Жаштар жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында баяндама жасаган маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков белгилегендей, мыйзам долбоору жаштардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруунун таасирдүү механизмдерин белгилөө, ошондой эле «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө» мыйзамынын колдонуудагы ченемдерин актуалдаштыруу максатында даярдалган. Бул мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында иштелип чыккан.

«Жаш активисттерден жана башка субъектилерден түшкөн сунуштардын негизинде сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда жаштарды мамлекеттик жана коомдун ишмердүүлүгүнүн бардык чөйрөлөрүнө кыйла натыйжалуу тартуунун механизмдерин, ошондой эле белгиленген укук ченемдери кайсы бөлүктө жана кандайча ишке ашырылышы мүмкүн деген көрсөтмөлөр мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн дагы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү сунушталды.”, — деген С.Надырбеков мыйзам долбоорунда 14 жаштан 30 жашка чейинкилер жаштар деп тааныларын кошумчалады.

Мыйзам долбоорунун 11-беренесинде бардык административдик-аймактык бирдиктерде актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү жана жаштардын бирдиктүү позицияларын өнүктүрүү үчүн эффективдүү аянтча болуп саналган жаштар үйүнүн жана борборлорунун иштеши каралган.

Талкуу маалында депутат Исхак Масалиев жаштардын санына кызыкты. Буга баяндамачы азыркы “Жаштар жөнүндө” мыйзамга ылайык 14 жаштан 28 жашка чейинкилер жаш деп эсептелерин билдирди.

«Жаштар калктын 24%ын түзөт, башкача айтканда Кыргызстанда 1 млн 600 миңден ашуун жаш жарандар бар», — деп жооп берди С.Надырбеков.

Ал эми депутат Медербек Алиев мыйзам долбоорунда айрым декларативдик нормалар бар экенин айтып, ошол эле учурда долбоордун концепциясын жактырды.

«Мамлекеттик башкаруунун негизги кызматтарында жогорку стандарттарга жана кынтыксыз ишкердик репутацияга ээ болгон жаштардын көп болушу үчүн эмне кылуу керек?», — деп сурады депутат.

Депутат Жалолидин Нурбаев жаштарды ишке орноштуруу маселесин көтөрдү. Ошондой эле эл өкүлү Сүйүнбек Өмүрзаков эмне үчүн жаш курак 30 жаш менен чектелип жатканына кызыгып, башка өлкөлөрдүн мисалында аны 35 жашка чейин көтөрүүнү сунуштады.

Депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоору ар кандай аспектилерде кандай кепилдик укуктарды берерин сурап, документ декларативдүү экенин кошумчалады.

Депутат Айбек Осмонов мыйзам долбоорунда жаштарды руханий-адептик жактан тарбиялоо маселесин кароону сунуштады.

Талкуунун аягында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Видео: Жаштарга киресизби же карыларгабы? Парламенттеги талкуу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version