Site icon Reporter.kg

Жазгы айдап себүү иштери күйүүчү майдын кымбаттыгынан кеч башталды

Быйыл Кыргызстанда жазгы айдап себүү иштери жылдагыдан кеч башталды. Дыйкандар мунун себебин күйүүчү майдын кымбаттыгы менен түшүндүрүшүүдө. Маселенин чоо-жайын Reporter.kg маалымат порталы билүүгө аракет кылды.

Учурда айдап-себүү иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүрүүдө. Жазгы талаа иштери башталгандан тарта, күйүүчү майга болгон суроо талап да өсөт. Бирок быйыл бензиндин баасы кыйла кымбат. Мунун айынан айдоо иштери жылдагыга караганда кеч башталды дешет дыйкандар. Алардын бири Баткен облусунун Жаңы-Жер айылынын тургуну Айсалкын Жылдызова:

“Быйыл солярка, бензин кымбаттаганына байланыштуу кеч калдык. Азыркы учурда айыл эли көпчүлүгүбүз мал-жан менен алектенгенибизге байланыштуу жүгөрү, беде эгип жатабыз”, — дейт ал.

Талас облусунун дыйкандарын да күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттыгы түйшүккө салды. Маселен, үч гектар жерге төө буурчак айдап оокат кылган Бакай-Ата районунун тургуну Мурат Айдаркулов бензиндин баасы арзандабаса түшүмдөн киреше албай калуу коркунучунда турганын айтты:

“Бизде быйыл кыйынчылыктар көп эле, айдоо иштери башталды бирок бензиндин баасы кымбаттап жатат. Биз үрөндөрдү дагы карызга алабыз, азыр фасолдун баасы 85-90 сом. Эми ошол чыгашаны актаса деп турабыз. Айдап койгондон кийин эле бүтүп калбайт, суугарып да туруш керек, ал дагы акча. Эми күзүндө жакшы болуп берсе экен деп турабыз”.

Күйүүчү майдын кымбатташынын себебин адистер нефтке болгон баанын дүйнө жүзү боюнча көтөрүлүп жатканы менен түшүндүрүп келишет. Ошондой эле, Орусиядан башка мамлекеттерден бензин ташуу мүмкүн эмес болгондуктан, майдын баасы арзандабай жатат дейт Нефтитрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов Би-Би-Сиге берген маегинде:

“Биз баардык варианттарды карап, талдаганбыз. Түркмөнстандан алалы десек алар Европа базарын карап бааны кымбат коёт. Азербайжанда арзаныраак болгону менен жол кирени кошкондо алардыкы андан кымбат түшүп калат. Ошентип Орусияныкынан арзан мунай продуктусун башка жактан таба элекпиз. Алар менен экономикалык биримдикте болгон үчүн баалар арзаныраак болуп жатат. Азыр мурдагыдай төлөмдөр менен алсак баа мындан да кымбат болмок. Майлардын азыркы кымбаттоосуна бир нече фактор таасир этип жатат. Биринчиден, дүйнөлүк биржада нефтинин бааасы өстү. Бир баррель 80 доллардан ашыгыраак. Экинчиси Европада суроо талап көп Борбордук Азияга анын ичинде Кыргызстанга Орусиядан майлардын өлчөмү азыраак келип жатат”.

Кыргызстанда 2021-жылдын декабрь айынан баштап күйүүчү майдын баасы өсүп отуруп, 35,6 сомго жеткен. Январь айынын аягында айдоочулар бир литр май үчүн 36,9 сомдон төлөй баштаган. Учурда бензиндин баасы 50 сомдон ашты.

Дыйкандар мынтип отурса үлүш жерлер толугу менен айдалбай калабы деп кооптонуп турат. Себеби калктын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде жашагандыктан, алардын негизги киреше булагы дыйканчылык болуп эсептелет.

Ал эми Энергетика, өнөр жай жана кен байлыкты иштетүү боюнча мамлекеттик комитет өлкөдө күйүүчү майдын запасы жакынкы айларга жетишерлик деп ишендирип келет.

Кыргызстанда жалпы айдоо жерлеринин аянты 1 млн 223,6 миң гектарды түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 6,9 миң гектарга көп деп болжолдонууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, күздүк себүүлөрдүн аянты 141,5 миң гектар, бул былтыркыга салыштырмалуу 1,2%га көп. Ал эми жазгы айдап себүүлөрдүн аянты 744,9 миң гектарды түзөт.

Exit mobile version