Site icon Reporter.kg

Жазгы талаа иштерине канча күйүүчү май керектелери айтылды

Бүгүнкү күндө жазгы талаа иштерине орто эсеп менен 40-41 миң тонна дизель майы керектелет. Бул тууралуу бүгүн айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.

Анын айтымында, керектүү көлөмдүн 72%ы дизель майы менен камсыздалды.

“Мындан тышкары, мамлекеттик материалдык резервден 5 миң тонна күйүүчү-майлоочу май сатып алууга каражат бөлүнүп, учурда кампада турат. Жеткиликтүүлүк боюнча ажиотаж болбойт”, — деп ишендирди министрдин орун басары.

Ал кошумчалагандай, аймактарда дизель майынын орточо баасы 1 литрине 62-63 сомдон сатылууда.

Exit mobile version