Site icon Reporter.kg

Жеңил атлетика боюнча жабык имаратта Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Бишкекте жеңил атлетика боюнча жабык имаратта Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясынан маалымдалды.

Мелдештер 2021-жылдын 14-15-январь күндөрү Бишкектеги КГАФКиС аренасында эки курактык категорияда — 2004-2005-жылы туулган жана 2003-жылы жана андан жогору жаштарда өтөт.

Жалпысынан федерация эркектер, аялдар, балдар жана кыздар арасында 40 комплект медаль үчүн таймашууну пландаштырышууда.

Арыздар 2021-жылдын 10-13-январь күндөрү атлетикалык.kg сайтында кабыл алынат.

Exit mobile version