Жеңиш Молдокматов: Чет өлкөгө чыгып жаткан ар бир кыргызстандыктын өмүрүн милдеттүү камсыздандыруу керек — видео

Жеңиш Молдокматов: Чет өлкөгө чыгып жаткан ар бир кыргызстандыктын өмүрүн милдеттүү камсыздандыруу керек — видео

«Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов «Жүк 200» маселесин көтөрүп, атайын видео кайрылуу жасаган. Бул маселени көтөргөн видео Молдокматовдун «Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда Кыргызстандын жалпы элинин саны 6 миллиондон ашык болсо , 800 000 ден ашууну чет өлкөдө. Анын 90%дан көбү Орусиянын аймагында күн өткөрүп келгени айтылат.

Акыркы алынган маалыматтарда:

Орусияда ̶ 709 000, Кореяда ̶ 6550, Турцияда ̶ 30 000

Казакстанда ̶ 35 000 жана башка мамлекеттерде он миңдеп саналат.

«Миграция агымы күчөгөндөн бери чет өлкөдө каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн мекенине жеткирүү эң оорчунду маселелердин бири болуп калды. Бир эле Орусиядан жылына 300дөн 400гө чейин Кыргызстанга келет. Бул өлүмдүн саны согуш болгон өлкөлөрдөгүдөй көрсөткүчтөн кыйла жогору болууда», -деп айтылат маалыматта.

Молдокматов сыртта каза болгон мекендештердин сөөгүн алып келүү камсыздалбай жатканын белгилеп, чет өлкөгө чыгып жаткан ар бир кыргызстандыктын өмүрүн милдеттүү камсыздандыруу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргыз өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна ылайык, каза болгон жарандардын жакындарына компенсация катары 50 000 сом бөлүнөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>