Жеңиш парадына Садыр Жапаровдон башка СНГ өлкөлөрүнөн кайсы лидерлер барбайт?

Жеңиш парадына Садыр Жапаровдон башка СНГ өлкөлөрүнөн кайсы лидерлер барбайт?

Президент Садыр Жапаров Жеңиш күнүнө карата Москва шаарына пандемияга байланыштуу барбайт турганы айтылган.

Мындан улам, “Репортёр” КМШ өлкөлөрүнүн кайсы президенттери барбай турганын изилдеп көрдү.

Буга чейин Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков: “Улуу Жеңиштин 76 жылдыгын белгилөө үчүн чет өлкөлөрдүн президенттерине чакыруу жөнөтүлгөн эмес. Юбилейлик дата эмес, бирок коңшу жана союздаш өлкөлөрдүн башчылары калоолору болсо келсе болот”, — деп билдирген.

Белгилүү болгондой Казакстандын президентти Касым-Жомарт Токаевге расмий чакыруу келген эмес, мындан улам анын графигине Москвага баруу кирген эмес.

Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнө кирген Азербайжан, Армения, Беларусь, Молдавия, Өзбекстандын лидерлери Жеңиш күнүнө карата Москва шаарына барбайт.

Демек Улуу Жеңиш майрамынын 76 жылдык маарекесинде Москва шаарында Орусиянын президентти Владимир Путин менен Тажикстандын жетекчиси Эмомали Рахмон гана болот.

Белгилей кетсек, бул жылы Москвадагы аскердик параддан 12,5 миңден ашуун аскер, 190дон ашуун атайын аскердик техника жана 76 учак өтөт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>