Site icon Reporter.kg

ЖЭБдеги кырсык. Саат 22.00гө карата жылуулук берилип баштайт

Жылуулук электр борбору саат 22.00-23.00гө карата штаттык режимде иштөөгө өтөт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирген.

Ал калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатканын, керектүү тетиктер жетиштүү экенин кабарлады.

«Саат 22.00гө карата өз нугунда иштөөгө өтүп, шаарга жылуулукту бере баштайбыз», — дейт министр.

Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда кырсык түнкү саат 03:00 чамасында  болду.

Энергетика министрлиги атайын штаб түзүлгөнүн кабарлады. Бишкекти электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн өлкөдөгү ГЭСтерге кубаттуулукту күчөтүү тапшырмасы берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жылуулук электр борборунданы кырсыктан чычкан өрттү өчүрүүгө шаардын баардык райондорундагы өрт өчүрүүчүлөрдү тартты. Тилсиз жоо эки сааттан кийин, таңкы саат 05:05те толук өчүрүлгөн.

ЖЭБтин беш кызматкери түнү ооруканага түштү. Эки бейтап 80 пайыз күйүк алып (бети, мойну жана буттары күйгөн), абалы өтө оор. Дагы бирөө 10 пайыз күйүк алды, анын абалы туруктуу.

Экөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү. Жабыркагандардан президент Садыр Жапаров кабар алды.

Бишкек мэриясы муниципалдык мектептердин баары онлайн окууга өткөнүн кабарлады. 103 мектеп онлайн окуп, 94 бала бакча бүгүн иштеген жок.

Бишкекте 3,5,6, 7, 11, 12 жана 8-кичи райондун бир бөлүгүндө, 60 миң батирде жылуулук жок. “Бишкек жылуулук борбору” ишканасынын директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеевдин билдирүүсүндө, жылуулук жок болгону менен түтүктөрдө суу айланып турат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ЖЭБке диверсия жасалгандыгы боюнча божомолу бар. Ал эми президенттин айтымында, кызматкерлер ката кетирип, көмүрдү көп жагып ийиши мүмкүн.

“Уктай элек болчумун”. Жапаров ЖЭБтеги кырдаал боюнча маалымат берди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version