Site icon Reporter.kg

ЖЭБдеги кырсык. Жабыркагандарга Түркияда операция жасалды

Бишкек ЖЭБдеги жарылууда жабыркаган кызматкерлерге Түркияда операция жасалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.

«Абалы оор. Бирине мурдагы күнү, экинчисине кечээ операция жасалды», — деди ал.

2-февралга караган түнү ЖЭБде авария болгон. Жарылуудан беш адам жабыркап, алардын экөө денесинин 80% жана 90% күйүк алышкан. 3-февралда алар Түркиядагы адистештирилген клиникага которулган.

ЖЭБтеги кырсык. Жабыркагандар президенттик учак менен Түркияга жөнөтүлдү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version