Site icon Reporter.kg

ЖЭБтеги кырсыкта жабыркагандар Түркияга которулат

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу “Голджук” ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Дарыгерлер Этем Өзтүрк жана Энгин Четин бейтаптарды карап чыгып, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен кеңешме өткөрүштү.

Анда эки жабырлануучуну андан ары дарылоо үчүн Түркиядагы адистештирилген клиникага которуу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, ЖЭБтеги кырсыкта жабыркаган 23жана 34 жаштагы 2 бейтаптын абалы оор.  Алардын биринин денесинин 90 пайызы, экинчиси 80 пайыз күйүк алган. Жабырлануучулардын бети, мойну жана колу-буту күйгөн.

ЖЭБтеги кырсык: Жабыркагандар 80 пайыз күйүк алышкан (видео)

Exit mobile version