Site icon Reporter.kg

Кулубаев Душанбеде Борбор Азиянын ТИМ башчылары менен жолугат

Бүгүн, 13-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Душанбеде өтө турган Борбор Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрлер 14-сентябрда Душанбеде өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын V Консультативдик жолугушуусуна карата даярдыктарды талкуулайт.

Эскерте кетсек, Душанбеде өтө турган президенттердин жолугушуусуна Садыр Жапаров да катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version