Site icon Reporter.kg

Жээнбек Кулубаев Кувейтке расмий сапары менен барат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 19-20-февраль күндөрү Кувейтке расмий сапары менен барат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Кулубаев Кувейтке өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхьянын чакыруусу менен барат.

Сапардын алкагында тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгын, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында иштешүү маселелерин талкуулайт.

Ошондой эле Кулубаев бир катар мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Exit mobile version