Site icon Reporter.kg

Жээнбек Кулубаев Оманга расмий сапар менен барат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 11-12-февралда Оманда расмий сапары менен болот. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Кулубаев Оманга өлкөнүн тышкы иштер министри Саид Албусаидинин чакыруусу менен барат.

Министрлердин жолугушуусунда Кыргыз-Оман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий алака, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык талкууланат.

Ошондой эле Жээнбек Кулубаев Омандын жетекчилиги жана бир катар мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.

Exit mobile version