Site icon Reporter.kg

Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын президенти менен жолукту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгы талкууланган.

“Жолугушуунун жүрүшүндө түркмөн лидери соода-экономика, инвестиция жана маданий-гуманитардык чөйрөдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жеке колдоосун көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Жээнбек Кулубаев 1-ноябрда Ашхабадда өткөн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги «Борбор Азия — Корея Республикасы» форумуна катышкан.

Exit mobile version