Жээнбеков: Өзгөчө абал режимин узартпасак өлкөнүн келечегине доо кетирип алмакпыз — видео

Жээнбеков: Өзгөчө абал режимин узартпасак өлкөнүн келечегине доо кетирип алмакпыз — видео

Эгер өзгөчө абал режимин узартпасак, бул кесепеттин терс таасири узак убакытка чейин тийиши мүмкүн. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште билдирүү жасап жатып билдирди.

Өлкө башчысысынын айтымында, згөчө абал режимин узартпаганда, медиктердин күнү-түнү жасаган мээнети, тартип сакчыларынын эмгеги текке кетмек.

“Өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу — оңой чечим болгон жок. Жарандарыбыздын турмушунда бир топ чектөөлөр, ыңгайсыздыктар, ал гана эмес айрым мекендештерибиздин жашоо тиричилигинде кыйынчылыктар жаралды. Айрыкча, күнүмдүк кирешесин күндө таап, күндөлүк жумуш менен  тиричилигин өткөргөндөр кыйналып жатканынан толук кабарым бар. Ошондой эле карантин өлкөнүн экономикасына да олуттуу залал тийгизип жатат. Таразанын бир жагына жарандырыбыздын ден соолугу жана өмүрү, экинчи жагына экономика жана киреше маселеси коюлду. Мына ушундай катаал сыноону баштан кечирип жатабыз. Мамлекет башчысы катары мен үчүн жалпы коомдун, ар бир мекендешимдин ден соолугу кымбат. Ошондуктан, ушул чечимге бардым”, —деди президент Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жалпы жыйында сүйлөгөн сөзүн төмөнкү видеодон толук уга аласыздар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>