Жээнбеков Атамбаев тууралуу: Менин дагы жүрөгүм ооруп жатат, мен үчүн дагы бул маселе оңой эмес

Жээнбеков Атамбаев тууралуу: Менин дагы жүрөгүм ооруп жатат, мен үчүн дагы бул маселе оңой эмес

Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарган пресс-конференция учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы маселеси жөнүндө суроого жооп берди.

Мамлекет башчы Атамбаевдин тагдырына кайдыгер эмес экенин, мурда аны менен үзөңгүлөш жолдош болгонун, 2005-2010-жылдары өлкөнүн эркиндиги үчүн чогуу күрөшүшкөнүн билдирди.

«Мен президент болгондон кийин бир да сөз айткан жокмун. Эмне дешсе дагы мен үн каткан жокмун. Себеби мен үчүн элдин биримдиги баарынан жогору турат. Мен тууралуу билдирүүлөргө көңүл бурган жокмун, бирок алар өлкөнү экиге бөлүп, бийликти тартып алууга чакырык жасашты. Мен ал ойлонот го, токтойт го деп көпкө күттүм. Бирок ал өзүн дагы, мени дагы, мамлекетти дагы туңгуюкка алып келип салды. Бирок азыр мен эч нерсе чечпейм. Азыр баары укук коргоо жана сот системаларынын колунда. Менин колумда эмес, ага чейин экөөбүздүн колубузда болчу. Көрдүңүздөр, комиссия кандай чечим чыгарганын, мен ага комментарий бере албайм. Албетте, менин дагы жүрөгүм ооруп жатат, мен үчүн дагы бул маселе оңой эмес», – деди Жээнбеков.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>