Жээнбеков: Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш

Жээнбеков: Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш

Президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаалга карата өз оюун билдирип, мурдагы президенттин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш экенин билдирди.

Бул туураулу ал 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда, элдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Кыргызстандыктарды мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаалга карата менин көз карашым кызыктыраарын билем. Анын айланасындагы акыркы окуялар, күбө катары суракка чакырылып жатканы — бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп айтат элем. Кандай гана адам болбосун — мурдагы президентпи, чиновникпи, аскер кызматкериби, же катардагы кызматкерби — мыйзам баарына бирдей болуп, ар бирибиз ага баш ийишибиз керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт”, — деген президент.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди 103 депутаттын макулдугу менен тийбестиктен жана экс-президент статусунан ажыраткан. Башкы прокуратура аны жоопко тартуу боюнча 5 айыпты аныктаган.

ИИМдин тергөө кызматы Атамбаевди 3 жолу суракка чакырган. Мурдагы президент өзүн суракка чакыруу мыйзамсыз экенин белгилеп, бир дагы жолу суракка барган эмес. 25-июлда Атамбаев Москва шаарына барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандагы саясий кырдаалды талкуулап келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>