Site icon Reporter.kg

Жээнбеков белгисиз адам менен сүйлөшүп жатат деген аудио боюнча УКМК жооп берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президент Сооронбай Жээнбеков белгисиз адам менен сүйлөшүп жатат деген социалдык тармактардагы тарап жаткан аудио жазууга реакция кылды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, комитеттин бул аудио жазууга, анын жайылышына эч кандай тиешеси жок.

Учурда УКМК бул материалды жаздырууга жана жайылтууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Exit mobile version