Жээнбеков: Биздин Армия — өлкөбүздүн ишенимдүү тиреги

Жээнбеков: Биздин Армия — өлкөбүздүн ишенимдүү тиреги

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Кыргызстандын аскер кызматкерлерин өлкөнүн Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады. . Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

“Биздин Армиябыз — өлкөбүздүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн сактоо жана жарандарыбызды коргоо үчүн мамлекеттин ишенимдүү тиреги.  Акыркы жылдары Армияны материалдык-техникалык жабдуу, заманбап аскер техникалары жана куралдар менен камсыз кылуу жакшырууда. Аскердик башкаруу системасын жана куралдуу күчтөрдүн өз ара иш-аракеттерин өркүндөтүү жүрүп жатат. Аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу — мамлекеттин артыкчылыктуу багыты катары улантылууда”, – деп жазган ал.

Президент куттуктоосунда аскер кызматкерлерине, чың ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди каалаган.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 1992-жылы 29-майда экс-президент Аскар Акаевдин буйругу менен түзүлгөн. Буйрукка ылайык советтик армиянын Кыргызстандын аймагындагы бардык аскер бөлүгү бир башкарууга бириктирилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>