Жээнбеков: «Коопсуз шаар» пайда көздөгөн долбоор эмес

Жээнбеков: «Коопсуз шаар» пайда көздөгөн долбоор эмес

“Коопсуз шаар” Өкмөт пайда издөөчү экономикалык долбоор эмес, ал жол кырсыктарын азайтууга, адам өмүрүн сактоого багытталган долбоор. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы»  аталышындагы конференциясында айтты.

«Биз дагы башка мамлекеттерден артта калбай, заманбап коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табууга умтулуп жатабыз.  Бирок, бул максатка жетүүгө кедерги болуп жаткан бир катар көйгөйлөрдү кечиктирбей чечүү зарыл.   Кеӊири тилкелүү интернеттин жоктугунан, айыл жергесине санарип технологиялары толук жете элек. Санарип инфраструктурасынын начардыгы-бизнестин сапаттуу продукция чыгарып, атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна тоскоолдуктарды жаратууда”, — деди өлкө башчысы.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү — мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгүн жогорулатып, коррупцияны кыскартарын да белгилеп өттү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>