Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Өлкө башчы куттуктоо сөзүндө, ар бир баланын өмүрүн жана ден соолугун коргоо — мамлекеттин да, коомубуздун да милдети экенин баса белгилеген.
[su_quote cite=»деген президент.»]Баарыбыз тең биздин өлкөбүздөгү ар бир бала ата-эненин мээримине бөлөнүп, үй-бүлөнүн чөйрөсүндө бактылуу өсүшүнө умтулуубуз керек. Мамлекеттин келечеги жана коомубуздун бакубатчылыгы балдарыбызды мыкты тарбиялоодон башталат. Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында үй-бүлө институтун бекемдөө, өсүп келе жаткан жаш муунга билим берүү жана аларды тарбиялоо — мамлекеттик саясаттын туруктуу түрдөгү артыкчылыктуу багыты катары аныкталды, [/su_quote]
Мамлекет башчысы балдарга чың ден-соолук, жакшы жашоо жана бактылуу балалык каалаган.