Жээнбеков: Мекендештер жакырчылыкты төмөндөтүүгө жардам берди

Жээнбеков: Мекендештер жакырчылыкты төмөндөтүүгө жардам берди

«Биздин мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү абдан жогору», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында.

Өлкө башчысы мигранттарды колдоо максатында мамлекет тарабынан аткарыла турган бир катар милдеттерди атады.

Анда мамлекет тарабынан чет жактардагы мекендештердин мыйзамдуу түрдө статусун бекитип, аларды таануу, мекендештерди тартууга багытталган укуктук, социалдык жана экономикалык механизм жана инструменттерди иштеп чыгуу жана мекендештер менен болгон кызматташууну, өз ара алаканы күчөтүү милдеттери белгиленди.

«Ар бир мигранттын акчалай которуулары курулуш, финансы, тигүү өндүрүшү, транспорт, байланыш, соода жана кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы ж. б. тармактардын өнүгүшүнө түрткү болууда. Сыртта жүргөн мекендештерибизден жана эмгек мигранттарынан келген каражат жумуш орундарын түзүп, жакырчылыкты төмөндөтүүгө жардам берди», — деп айтты мамлекет башчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>