Жээнбеков менен Путин телефондо сүйлөштү. Эмени талкуулашты?

Жээнбеков менен Путин телефондо сүйлөштү. Эмени талкуулашты?

26-июнь күнү президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жактын тең кызыкчылыгындагы кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековдун Москвага келгенине ыраазычылыгын билдирип, парадга катышпай калгандыгын өкүнүү менен белгилеген. Мындан сырткры ал Кыргызстандын аскер кызматкерлерине параддга катышканы үчүн алкыш айткан.

Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга катышууга чакыруу алганы үчүн ыраазычылыгын айтты.

Аскер парадына катышуудан баш тартуу чечими эң биринчи кезекте ардагерлер менен чет элдик делегация башчыларынын саламаттыгына кам көрүү менен шартталганын белгилеген.

Эки өлкөнүн башчылары сүйлөшүү учурунда алдыдагы жолугушуулар тууралуу талкуу болгон эмес.

Белгилей кетсек 23-июнь күнү президент Жээнбеков баштаган расмий делегация парадга катышуу үчүн Москвага барган. Бирок делегация курамындагы эки адамдан коронавирус табылып, президент иш-чарага катышпай кайтып келген.

Андан көп өтпөй кыргыз президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева маалымат таратып, Жээнбековдун Орусияга кийинки иш сапары Москва тараптын чакыруусу менен 30-июнга белгиленгенин маалымдаган. Бирок орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки президенттин жолугушуусу палндалбаганын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>